Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын Ош областтык башкармалыгы 2025-жылдын 20-май күнү пландын негизинде Ош областынын Чоң-Алай районунун Жекенди айыл аймагынын Кара-Мык айылындагы Ленин атындагы орто мектептин окуучуларына финансылык сабаттуулук темасында көчмө лекция өткөрдү

Лекцияда Улуттук банктын ролу жана функциялары, улуттук валютанын тарыхы, өнүгүү этаптары жана анын коргоо белгилери, акча каражаттарын сарамжалдуу колдонуу жана каражат топтоо тууралуу маалыматтар берилди