Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы Улуттук банк Башкармасынын «Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын айрым ченемдик укуктук актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө» токтом долбоорун (мындан ары токтом долбоору) коомдук талкууга сунуштайт. 

Токтом долбоору Улуттук банктын ченемдик укуктук актыларын «Банктар жана банк иштери жөнүндө» Кыргыз Республикасынын мыйзамына ылайык келтирүү максатында иштелип чыккан. 

Токтом долбоору Улуттук банктын расмий интернет-сайтында Улуттук банктын ченемдик актылары/Талкууга сунушталган долбоорлор бөлүгүндө жана Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын долбоорлорун коомдук талкуулоонун бирдиктүү порталында (koomtalkuu.gov.kg) жайгаштырылган.  

Сектор токтом долбоору боюнча өз сын-пикирлерин жана сунуштарын 2025-жылдын 5-июнунан кечиктирбестен bakimbekov@nbkr.kg электрондук дарегине (Word форматында) жөнөтүүсү зарыл.