Региондордо калктын финансылык сабаттуулугун жогорулатуу боюнча иш-чаралар планынын алкагында, 2025-жылдын 21-май күнү Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын Нарын областтык башкармалыгынын өкүлдөрү С.Нааматов атындагы Нарын мамлекеттик университетинин угуучулары үчүн финансылык сабаттуулук боюнча атайын лекция өткөрдү

Лекция учурунда үй-бүлөлүк бюджет, төлөм системасы жана улуттук валютанын өнүгүү этаптары тууралуу маалыматтар, ошондой эле, калкты алдоо амалдары тынымсыз жаңыланып жаткандыгына байланыштуу алдамчылардын курмандыгы болуп калбаш үчүн коопсуздук эрежелерин сактап, сак болуу зарылдыгы тууралуу маалыматтар берилди