Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасы 2026-жылдын 2-апрелиндеги №2026-П-12/20-5-(НПА) «Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын айрым ченемдик укуктук актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө» токтомун кабыл алды (мындан ары – токтом).
Токтомдун максаты Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын ислам каржылоо принциптери боюнча ченемдик укуктук актыларына кредиттик тобокелдикти башкаруу боюнча талаптарды жана ыкмаларды актуалдаштыруу, күрөөгө мониторинг жүргүзүү механизмдерин өркүндөтүү, капиталга карата талаптарды актуалдаштыруу боюнча өзгөртүүлөрдү киргизүү болуп саналат.
Токтомдун электрондук версиясы Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын расмий интернет-сайтында: www.nbkr.kg/ Банк тууралуу/ Банк иши тууралуу мыйзамдар/ Улуттук банк Башкармасынын токтомдору бөлүгүндө жайгаштырылган.







