Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын төрагасы Толкунбек Абдыгулов 2018 - жылдын 15-октябрында Бириккен Араб Эмиратынын Тышкы иштер жана эл аралык кызматташуу министрлигинин өкүлдөрү менен жолугушуу өткөрдү. Делегацияны Бириккен Араб Эмиратынын экономикалык маселелер боюнча тышкы иштер министринин орун басары Мохаммед Шараф мырза жетектеген. Мохаммед Шараф мырза жетектеген делегация менен жолугушуу учурунда ислам финансы продукттарын өнүктүрүү боюнча Улуттук банк тарабынан жүргүзүлүп жаткан иш-чаралар жөнүндө, ошондой эле Кыргыз Республикасында ислам банкын түзүүнүн долбоору тууралуу маалыматтар сунушталды.