Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы, «Кыргыз Республикасындагы коммерциялык банктардын ликвиддүүлүк тобокелдигин тескөө боюнча минималдуу талаптар жөнүндө» жобонун долбоорун коомдук талкууга чыгарат. 

Жобо долбоору ликвиддүүлук тобокелдигин талаптагыдай жөнгө салуу максатында иштелип чыккан. Бул документ тобокелдиктерди сапаттуу көзөмөлдөөнү камсыз кылуу үчүн ликвиддүүлүк тобокелдигин тескөөнүн толук колдонмосун билдирет. 

Долбоор Улуттук банктын расмий интернет-сайтында «Улуттук банктын ченемдик актылары» / «Талкууга сунушталган долбоорлор» бөлүгүндө жайгаштырылган.  

Коммерциялык банктар долбоор боюнча сын-пикирлерин жана сунуштарын 2019-жылдын 4-январынан кечиктирбестен jkonoeva@nbkr.kg электрондук дарегине (Word форматында) жөнөтүүсү зарыл.