КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН УЛУТТУК БАНКЫ  

Маалымат базасына киргизүү максатында төмөнкү кызмат орундарына талапкерлерди тандоо үчун ачык сынакты жарыялайт:  

  

- банктын жоюучусу (ликвидатор);  

- банктын убактылуу администратору.  

Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын маалымат базасына киргизилген талапкерлер зарылчылык келип чыккан шартта банктын жоюучусу же убактылуу администратору болуп дайындала алат.  

Документтер 2018-жылдын 20-декабрында саат 17:00дөн кечиктирилбестен тапшырылууга тийиш.   

Белгиленген убакыттан кийин тапшырылган документтер кабыл алынбайт жана каралбайт.  

Жалпы квалификациялык талаптар, функционалдык милдеттер боюнча ырааттуу маалымат, сынакка катышуу үчүн талап кылынган документтер тизмеги www.nbkr.kg интернет-дареги боюнча “Сынактар” бөлүгүндө жайгаштырылган.  

 

Бардык суроолор боюнча 66-92-65 телефону аркылуу комиссиянын катчысына кайрылууга болот.