Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы эсептик ченди 

4,75 пайыз деңгээлинде калтырды 

 

Улуттук банк Башкармасы 2018-жылдын 24-декабрында эсептик ченди 4,75 пайыз деңгээлинде калтыруу чечимин кабыл алды. Чечим өтүп жаткан жылдын 25-декабрынан тартып күчүнө кирет. 

Учурда инфляциялык тобокелдиктер балансташкан деңгээлде калуу менен Улуттук банк болжолдогон чекте турууда. Жаңыртылган маалыматтарды эске алуу менен жыл жыйынтыгы боюнча инфляцияга баа берүүлөр анын буга чейинки күтүлгөндөн төмөнүрөөк түптөлүшүн көрсөтүүдө: 2018-жылдын декабрь айындагы көрсөткүчтү 2017-жылдын декабрына салыштырып караганда инфляция 1,0 пайызга жакын чекте түптөлөт, ал эми 2019-жылдын экинчи жарымында инфляция тышкы жана ичтен таасирлер орун албаган шартта, акча-кредит саясатында белгиленген 5-7 пайыз чегиндеги максаттуу көрсөткүчкө өтөт. 

Ушул жылдын март айынан бери Кыргыз Республикасында инфляция төмөн чекте сакталып турган. Азык-түлүккө баанын төмөндүгү инфляция деңгээлинин калыптанышына түрткү берген негизги фактор бойдон калууда. Азык-түлүктөн башка товарларга баанын өсүшү бара-бара басаңдоодо. Декабрь айында (14нө карата) инфляциянын жылдык мааниси 0,3 пайызды түзгөн.  

Ичтен суроо-талап айкын эмгек акынын өсүшү жана өлкөгө акчалай которуулардын алгылыктуу агымы менен камсыздалган. Экономиканын негизги секторлорунда жигердүүлүк сакталууда. 2018-жылдын январь-ноябрь айларында экономикалык өсүш 3,1 пайызды түзгөн, ал эми Кумтөрдү эске албаганда 3,2 пайыз чегинде түптөлгөн

Геосаясый жагдайда белгисиздиктин өкүм сүрүшүнө жана дүйнөлүк чийки зат рынокторунун өнүгүү жолу кандай болооруна байланыштуу соода боюнча өнөктөш өлкөлөрдө калыптанган экономикалык абал Кыргыз Республикасынын экономикасынын орто мөөнөттүк мезгил ичинде өнүгүшүнө олуттуу таасир этет.  

Акча рыногунун кыска мөөнөттүк чендери Улуттук банк белгилеген пайыз чегинде калуу менен бара-бара эсептик ченге жакындашууда. Банк тутумунда декабрь айында үстөк ликвиддүүлүктүн артышы банктар аралык кредит рыногунда жигердүүлүктүн басаңдашын шарттаган. Ушундан улам Улуттук банк үстөк ликвиддүүлүктөн арылтуу операцияларын уланткан. Жүзөгө ашырылып жаткан фискалдык консолидациялоо чарасы банк секторундагы ликвиддүүлүк деңгээлине оң таасир этип, инфляциялык тобокелдиктерге алып келбейт. Жеңилдетилген акча-кредит саясатынын шарттарынын сакталышы коммерциялык банктарга кредит портфелин кеңейтүүгө жана депозиттик базаны көбөйтүүгө өбөлгө түзүүдө.  

Ички валюта рыногунда негизинен туруктуу жагдай сакталып калууда. Декабрь айында ички валюта рыногунда чет өлкө валютасын сунуштоого караганда ага суроо-талаптын олуттуу артышы байкалган жана бул жагдай Улуттук банкты чет өлкө валютасын сатуу интервенцияларын жүргүзүүгө шарттаган.  

Чогуу алгандагы ички суроо-талаптын алгылыктуу динамикасы, ошондой эле тышкы чөйрөнүн кандайдыр бир таасирлер орун албаган шартта өнүгүү келечеги Кыргыз Республикасында инфляциянын 5-7 пайыз деңгээлинде белгиленген максаттуу көрсөткүч алкагында сакталаарын шарттайт. Эсептик чен өлчөмүн мурдагы деңгээлде калтыруу чечими да ушуга байланыштуу кабыл алынган. Улуттук банк тышкы чөйрөдө тобокелдиктер келип чыккан шартта акча-кредит саясатынын учурда калыптанган багытын корректировкалоо мүмкүнчүлүгүн караштырышы ыктымал жана инфляцияга таасир этүүчү тышкы жана ички факторлорго туруктуу негизде баа берүү менен түптөлгөн экономикалык жагдайга жараша акча-кредит саясатынын тиешелүү чараларын кабыл алат.  

 

Маалымат үчүн: 

Улуттук банк Башкармасынын эсептик чен өлчөмү маселесин кароого алган кийинки отуруму 2019-жылдын 25-февралында өтөт