Улуттук банк IFC (Эл аралык финансылык корпорациясы) менен биргеликте  

2019-жылдын 21-24-январь күндөрү киберкоопсуздук маселелери боюнча  

семинар өткөрөт   

  

Кыргыз Республикасында накталай эмес төлөмдөрдүн жана эсептешүүлөрдүн үлүшүн 2018-2022-жылдарга арттыруу боюнча Мамлекеттик программаны, ошондой эле инновациялык санариптик кызмат көрсөтүү жана IT-коопсуздук чөйрөсүндө квалификацияны жогорулатуу максатында өлкөнү санариптештирүү боюнча иш-чараларды ишке ашыруунун алкагында, Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын, коммерциялык банктардын, мамлекеттик жана укук коргоо органдарынын өкүлдөрү үчүн киберкоопсуздук боюнча семинар өткөрүлөт. 

Семинардын алкагында келип чыккан жагдайларга, бизнес-процесстердин үзгүлтүксүз иштешине чара көрүү, кибертобокелдикке карата маалымат системаларына аудит жүргүзүү, киберкоопсуздукту өнүктүрүүнүн моделдерин түзүү, маалыматтарга уруксатсыз кирүүдөн коргоо боюнча тест жүргүзүү айрым үлгүлөрдү карап чыгуу менен талкууланат.