Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы ислам банк иши жана каржылоо принциптерине ылайык операцияларды жүзөгө ашырышкан банктардын капиталынын жетиштүүлүгү (шайкештиги) боюнча айрым ченемдик укуктук актыларга өзгөртүүлөр жана толуктоолор долбоорун коомдук талкууга чыгарат. 

Долбоор банктардын тобокелдиктерин төмөндөтүүгөө жана коммерциялык банктарды айыл чарбаны, экспортко жана импорталмаштырууга багытталган мекемелерди каржылоого багытталган мамлекеттик программаларда катышууга түрткү берүү үчүн иштелип чыккан. 

Долбоор Улуттук банктын расмий интернет-сайтында «Улуттук банктын ченемдик актылары» / «Талкууга сунушталган долбоорлор» бөлүгүндө жайгаштырылган.  

Коммерциялык банктар долбоор боюнча сын-пикирлерин жана сунуштарын 2019-жылдын 1-мартынан кечиктирбестен kdjakypova@nbkr.kg электрондук дарегине (Word форматында) жөнөтүүсү зарыл.