«Росинбанк» ачык акционердик коомунун, Кыргыз Республикасынын жалпы банк системасынын туруктуулугун камсыз кылуу, ошондой эле калктын банк системасына болгон ишенимин арттыруу максатында, Улуттук банк тарабынан «Росинбанк» ачык акционердик коомуунун финансылык абалын чыңдоо боюнча иш-чаралар ишке ашырылган, аталган иш-чаралардын алкагында Банкка кошумча капитал салынган.  

Азыркы күндө капиталдаштыруунун жыйынтыгында «Росинбанк» ачык акционердик коомунун уставдык капиталы 700 млн. сомго көбөйтүлүп, 1 498,7 млн. сомго чейин жеткирилген. Банктын капиталын жогорулатуу иш-чарасы аталган банктын финансылык абалын чыңдоо үчүн кризиске каршы чараларды ишке ашырууга, ошондой эле аманатчылары алдында милдеттенмелердин өз убагында аткарылышын камсыз кылууга багытталган.