Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы 2019-жылдын 1-февралынан тартып төлөмдөр жүргүзүлбөй жаткандыгы тууралуу жарандардын даттанууларына байланыштуу «Мобильник» жоопкерчилиги чектелген коомуна пландан тышкаркы инспектордук текшерүүнү демилгелеген. Текшерүү учурунда 2019-жылдын 25-январынан баштап «Мобильник» төлөм системасынын иши техникалык үзгүлтүккө учурап, анын жыйынтыгында товарларды жана кызмат көрсөтүүлөрдү сунуштоочуларга төлөм келип түшпөй жаткандыгы, ошондой эле электрондук капчыктар ортосунда транзакциялар ишке ашырылбай жаткандыгы аныкталган. Техникалык үзгүлтүккө учуроо «Мобильник» жоопкерчилиги чектелген коомунун уюштуруучулары ортосундагы ички карама-каршылыктардын орун алышынан күч алууда. 

Бул жагдайды калыбына келтирүү максатында, «Мобильник» жоопкерчилиги чектелген коомуна төлөм системалары аркылуу үчүнчү жактардын пайдасына товарлар жана кызмат көрсөтүүлөр үчүн төлөмдөрдү жана эсептешүүлөрдү кабыл алууну убактылуу токтотуу жана 2019-жылдын 6-февралына чейин кызмат көрсөтүүнү сунуштоочулар менен кардарлар ортосундагы өз ара эсептешүүлөрдү ишке ашырып, компаниянын ишин калыбына келтирүү талабы коюлган. 

Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы, «Мобильник» ЖЧК төлөм системасынын иши толук калыбына келгенге чейин   альтернативдүү төлөм системаларын жана төлөмдөрдү кабыл алуунун башка ыкмаларын колдонууну сунуштайт. 

Улуттук банк мыйзамдарда каралган ыйгарым укуктарынын алкагында, Кыргыз Республикасынын төлөм системасынын абалына таасирин тийгизиши мүмкүн болгон тобокелдиктерди азайтуу жана финансы кызматтарын керектөөчүлөрдүн укуктарын коргоо боюнча зарыл чараларды көрүүдө