Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасы 2019-жылдын 30-январында № 2019-П-33/4-2-(НПА) «Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын айрым ченемдик укуктук актыларына өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү жөнүндө» токтомун (мындан ары Токтом) кабыл алды. Токтом банк эмес финансы-кредит уюмдарынын ишин жөнгө салган Улуттук банктын ченемдик укуктук актыларын Кыргыз Республикасында микрокаржылоо секторун 2018-2021-жылдарга өнүктүрүүнүн негизги багыттары долбоорун иштеп чыгуу боюнча жумушчу топтун корутундуларына шайкеш келтирүү максатында, ошондой эле банк эмес финансы-кредит уюмдарынын ишин жөнгө салган Улуттук банктын ченемдик укуктук актыларын тобокелдикке багытталган көзөмөлдү жакшыртуунун алкагында өркүндөтүү жана финансы кызматтарын керектөөчүлөрдүн укугун коргоо максатында кабыл алынган. 

Улуттук банк Башкармасынын жогоруда белгиленген токтомуна ылайык, микрофинансы уюмдары менен кредиттик союздардын мезгил-мезгили менен берилүүчү регулятивдик отчетунун жаңы формалары кабыл алынган, ушуга байланыштуу 2019-жылдын биринчи чейрегинен тартып мезгил-мезгили менен берилүүчү регулятивдик отчеттор жаңы кабыл алынган формаларга ылайык тапшырыла тургандыгын белгилейбиз.  

Токтом Улуттук банктын расмий интернет-сайтында: «www.nbkr.kg/Банк тууралуу/Банк иши жөнүндө мыйзамдар/Улуттук банк Башкармасынын токтомдору» бөлүгүндө жайгаштырылган.  

Ченемдик укуктук актылар Улуттук банктын расмий интернет-сайтында: «www.nbkr.kg/ Банк тууралуу/Улуттук банктын ченемдик актылары/ Банк эмес финансы мекемелер ишин жөнгө салуу» бөлүгүндө жайгаштырылган.