Кыргызстанга Эл аралык валюта фондусунун  

аткаруучу директору Пол Индербинен мырза иш сапары менен келди 

 

2019-жылдын 17-мартында Кыргыз Республикасына Эл аралык валюта фондусунун (ЭВФ) аткаруучу директору Пол Индербинен мырза иш сапары менен келди.  

2018-жылдын ноябрь айынан тартып Индербинен мырза «швейцария тобун» жетектеп келет, бул топко Азербайжан, Казакстан, Кыргызстан, Польша, Сербия, Швейцария, Тажикстан, Түркмөнстан жана Өзбекстан кирет. 

ЭВФтин аткаруучу директорунун иш сапарынын негизги максаты болуп, Кыргыз Республикасы менен Эл аралык валюта фондусунун ортосундагы мындан аркы кызматташуунун келечегин талкуулоо эсептелет. Бул иштин алкагында Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн жана Улуттук банктын өкүлдөрү менен жолугушуулар өтөт.  

ЭВФ өкүлдөрүнүн иш сапары 2019-жылдын 20-мартына чейин созулат.