Бишкек шаарынын райондор аралык сотунун 2019-жылдын 13-мартындагы чечими менен “Ак Банк” ачык акционердик коому төлөөгө жөндөмсүз деп таанылып, аны мажбурлап жоюу жол-жобосу башталган. “Ак Банк” ачык акционердик коомун жоюучу болуп Шаршекеева Каныш дайындалган. 

Бишкек шаарынын райондор аралык сотунун 2019-жылдын 13-мартындагы чечиминин негизинде Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы 2019-жылдын 19-мартынан тартып «Ак Банк» ачык акционердик коомунда убактылуу администрация режимин токтотуу жөнүндө чечим кабыл алды. 

«Ак Банк» ААК менен байланышкан бардык суроолор боюнча «Ак Банк» ачык акционердик коомунун жоюучусу Шаршекеева Каныш Шаршекеевнага Бишкек ш., Жумабек к. 203 дареги же 46-34-13, (0558) 00-83-83 телефондору аркылуу кайрылсаңыздар болот.