Улуттук банк «Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын айрым ченемдик укуктук актылары жөнүндө» долбоорду (мындан ары долбоор) коомдук талкууга сунуштайт. 

Долбоор банк эмес финансы-кредит уюмдарынын жана алмашуу бюролорунун ишин жөнгө салуучу Улуттук банктын ченемдик укуктук актыларын Кыргыз Республикасынын «Террористтик ишти каржылоого жана кылмыштуу кирешелерди легалдаштырууга (адалдоого) каршы аракеттенүү жөнүндө» мыйзамына жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2018-жылдын 25-декабрындагы № 606 «Террористтик ишти каржылоого жана кылмыштуу кирешелерди легалдаштырууга (адалдоого) каршы аракеттенүү жөнүндө» Кыргыз Республикасынын мыйзамын ишке ашыруу боюнча чаралар тууралуу» токтомуна ылайык келтирүү максатында иштелип чыккан. 

Аталган долбоор менен төмөнкүлөр кайра каралган: 

- негизги түшүнүктөр жана терминдер кайра каралган; 

- жооптуу кызматкердин милдеттери жана функциялары жаңыдан каралган жана ички контролдоо программаларына карата талаптар белгиленген; 

- кардарды талаптагыдай текшерүүдө тобокелдикке багытталган ыкманы колдонуу боюнча талаптар белгиленген; 

- контролдоого жана маалымдоого тийиш болгон билдирүүлөрдү түзүү жана жөнөтүү боюнча талаптар жаңыланган; 

- коомдук кызмат адамдарын, жогорку тобокелдикке ээ өлкөлөрдүн адамдарын жана башка адамдарды тейлөө боюнча талаптар белгиленген; 

- кардарды идентификациялоо зарылдыгы үчүн операциялардын (бүтүмдүн) суммалары мыйзамдарга ылайык аныкталган; 

- террористтик ишти каржылоого жана кылмыштуу кирешелерди легалдаштырууга (адалдоого) каршы аракеттенүү чөйрөсүндөгү мыйзамдарга ылайык башка талаптар каралган. 

Долбоор Улуттук банктын расмий интернет-сайтында «Улуттук банктын ченемдик актылары»/«Талкууга сунушталган долбоорлор» бөлүгүндө жайгаштырылган. 

Долбоор боюнча сунуш-пикирлерди 2019-жылдын 13-майынан кечиктирбестен abeishebaev@nbkr.kg электрондук почта дарегине (Word форматында) жөнөтүү зарыл.