Улуттук банктын төрагасы Т. Абдыгулов ЕККУ академиясынын 

студенттери үчүн лекция окуду 

 

2019-жылдын 13-апрелинде Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын төрагасы Т. Абдыгулов ЕККУ академиясынын студенттери үчүн "Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын көзөмөлдөө функциялары" темасы боюнча лекция окуду. 

Лекция учурунда Т. Абдыгулов Улуттук банктын түптөлүү тарыхы, банк секторунун өнүгүшү, көзөмөлдөө жана жөнгө салуу функциялары жөнүндө, ошондой эле банк тутумундагы, өлкөнүн экономикасын өнүктүрүүдөгү Улуттук банктын аткарган ролу тууралуу айтып берди. Лекцияны аяктап жатып, Т. Абдыгулов аудитория тарабынан берилген суроолорго жооп берди.