2019-жылдын 22-апрелинде финансылык сабаттуулукту жогорулатуу боюнча www.finsabat.kg веб-сайтынын жаңы модернизацияланган версиясынын презентациясы болуп өттү. Иш-чарага Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын жетекчилиги, Германия эл аралык кызматташуу (GIZ) коомунун, башка эл аралык жана коомдук уюмдардын, мамлекеттик органдардын, коммерциялык банктардын жана жалпыга маалымдоо каражаттарынын өкүлдөрү катышты. 

Иш-чаранын катышуучуларынын назарына сайттын жаңыртылган дизайны, финансы кызматтарынан пайдалануучулар үчүн кредитти төлөө жөндөмдүүлүгүн аныктоо калькулятору, кредиттик жана депозиттик калькуляторлор, банктардын тарифтерин салыштыруу инструменти, финансылык билимди текшерүү үчүн тесттер сыяктуу кызыктуу инструменттер, ошондой эле финансылык сабаттуулук боюнча социалдык видеороликтер жана башка материалдар сунушталды. 

Презентация учурунда Улуттук банк Башкармасынын мүчөсү Т.Дж. Джусупов, жаңыртылган www.finsabat.kg сайты калктын финансылык сабаттуулугун жогорулатуу боюнча маалыматтык-аналитикалык интернет-ресурс болуп санала турганын белгилеп, өнөктөштөрдү сайтты тиешелүү маалыматтар менен толуктап турууга жигердүү катышууга чакырды.