2018-жылдын жыйынтыгы боюнча эл аралык аудитордук уюм тарабынан тастыкталган Улуттук банктын таза пайдасынын көлөмү 2,1 млрд сомду түзгөн. 

2019-жылдын 24-апрелинде Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы 2018-жылдын иш жыйынтыгы боюнча алынган 1,89 млрд сомду же пайданын 90 пайызын мамлекеттик бюджеттин кирешесине которду.  

Улуттук банк Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында аныкталган негизги милдеттерин жана функцияларын аткарууда пайда табуу максатын көздөбөйт. Кыргыз Республикасынын «Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы, банктар жана банк иштери жөнүндө» мыйзамына ылайык, Улуттук банктын негизги максаты жана милдети болуп, баа туруктуулугун сактоого, макроэкономикалык туруктуулукка жетүүгө колдоо көрсөтүү, ошондой эле узак мөөнөттүү экономикалык өсүшкө өбөлгө түзүү үчүн Кыргыз Республикасынын банк жана төлөм системаларынын коопсуздугун жана ишенимдүү иштешин камсыз кылуу эсептелет. 

 

Маалымат үчүн: 

Мамлекеттик бюджетке колдоо көрсөтүү максатында, 2018-жылы «Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы, банктар жана банк иштери жөнүндө» Кыргыз Республикасынын мыйзамына өзгөртүү киргизүү тууралуу» мыйзам кабыл алынгандыгына байланыштуу бюджеттин кирешесине которула турган Улуттук банктын пайдасынын өлчөмү 70 пайыздан 90 пайызга жогорулатылган.  

2017-жылдын жыйынтыгы боюнча Улуттук банк 2,3 млрд сом өлчөмүндө пайда таап, 2018-жылы мамлекеттик бюджеттин кирешесине 2,07 млрд сом (90 пайызын) которгон.  

Улуттук банк 2014-2018-жылдар аралыгындагы иш жыйынтыгы боюнча алынган пайданын эсебинен өлкөнүн мамлекеттик бюджетинин кирешесине 14,965 млрд сом которгон.