Улуттук банк "Кредит" тасмасынын бет ачарына катышты  

 

2019-жылдын 29-апрель күнү Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы Асанбай-борборунда болуп өткөн "Кредит" тасмасынын алгачкы көргөзүлүшү боюнча бет ачарына катышты, аталган тасма Дүйнөлүк акча жумалыгы-2019 иш-чарасынын алкагында тартылган.  

Тасмада үй-бүлөсү жеке акча каражаттарын максатсыз колдоно берип, үй жайынан ажыраган, элет жергесинде жашаган жаш уландын окуясы баяндалат. Бирок бала башынан өткөргөн турмуштун кыйынчылыктарын жеңип чыгып, өзүнүн жеке мисалында башкаларды финансылык каражаттарды туура пайдаланууга үйрөтүүгө жетишет.  

Аталган иш-чарага 2016-2020-жылдарга Кыргыз Республикасынын калкынын финансылык сабаттуулугун жогорулатуу программасын ишке ашыруу боюнча Координациялык кеңештин мүчөлөрү болгон мамлекеттик органдардын өкүлдөрү, эл аралык уюмдардын жана жалпыга маалымдоо каражаттарынын өкүлдөрү катышты. 

Улуттук банк Башкармасынын мүчөсү А. К. Сыдыков аталган тасманын бет ачарында сөз сүйлөп, ар бир адам өзүнүн финансылык каражаттарын туура колдонуу тууралуу ой жүгүрүп, жаңы билимдерди жана көндүмдөрдү алууга умтулса, жакынкы келечек жаркын болорун, жаш муундарды финансылык сабаттуулукка үйрөтүүнүн өзү да маанилүү болуп саналарын белгиледи.