Банктардын кредиттерди берүү боюнча ишин оптималдаштыруу, кредиттердин камсыздоолору боюнча классификацияны белгилөө, жана ошондой эле банктарды мажбурлап реорганизациялоо суроолору боюнча конкреттүү жол-жоболорду регламентациялоо максатында, Улуттук банк Башкармасы тарабынан 2019-жылдын 24-апрелинде № 2019-П-12/22-4-(НПА) «Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын айрым ченемдик укуктук актыларына кредиттөө жана таасир этүү чаралары маселелери боюнча өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү жөнүндө» токтом кабыл алынган. 

Жогорудагы токтом менен Улуттук банктын төмөнкү ченемдик укуктук актыларына тиешелүү өзгөртүүлөр жана толуктоолор киргизилген: 

- 2010-жылдын 30-июнундагы № 52/4 «Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын айрым ченемдик укуктук актылары жөнүндө»; 

- 2004-жылдын 21-июлундагы № 18/3 «Активдерди классификациялоо жана потенциалдуу жоготуулардын жана чыгым тартуулардын ордун жабууга резервге тиешелүү чегерүүлөр жөнүндөгү» жобону бекитүү жөнүндө»; 

- 2017-жылдын 15-июнундагы № 2017-П-12/25-4-(НПА) «Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынан лицензия алышкан банктарга жана айрым башка финансы-кредит уюмдарына карата колдонулуучу таасир этүү чаралары жөнүндө» жобо тууралуу»; 

- 2017-жылдын 8-июнундагы № 2017-П-12/23-5-(НПА) «Банктарды жоюу жөнүндө» жобону бекитүү тууралуу»; 

- 2017-жылдын 8-июнундагы № 2017-П-12/23-1-(НПА) «Банк ишин лицензиялоо жөнүндө» жобону бекитүү тууралуу»; 

- 2012-жылдын 29-августундагы № 36/2 «Кыргыз Республикасындагы коммерциялык банктардын жана микрофинансылык компаниялардын кыймылсыз мүлк менен айрым бүтүмдөрү/операциялары жөнүндө» жобосун бекитүү жөнүндө»; 

- 2017-жылдын 15-июнундагы № 2017-П-12/25-2-(НПА) «Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынан лицензия алышкан банктардын жана башка финансы-кредит уюмдарынын тышкы аудитине карата минималдуу талаптар жөнүндө» жобону бекитүү тууралуу»; 

- 2004-жылдын 21-июлундагы № 18/1 «Кыргыз Республикасынын коммерциялык банктар милдеттүү түрдө аткарууга тийиш болгон экономикалык нормативдер жана талаптар жөнүндөгү» жобону бекитүү тууралуу»; 

- 2004-жылдын 15-сентябрындагы № 24/4 «Кредиттөөдөгү чектөөлөр жөнүндө» нускоону бекитүү тууралуу». 

Токтом Улуттук банктын расмий интернет-сайтында: «www.nbkr.kg/Банк тууралуу/Банк иши тууралуу мыйзамдар/Улуттук банк Башкармасынын токтомдору» бөлүгүндө жайгаштырылган.  

Ченемдик укуктук актылар Улуттук банктын расмий интернет-сайтында: «www.nbkr.kg/Улуттук банктын ченемдик актылары/ Банктык жөнгө салуу» бөлүгүндө жайгаштырылган.