КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН УЛУТТУК БАНКЫ 

маалымат базасына киргизүү үчүн талапкерлерди тандоо 

боюнча ачык сынак жарыялайт: 

 

- банктын жоюучусу (ликвидатор); 

- банктын убактылуу администратору 

Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын маалымат базасына кирген талапкерлер тиешелүү жагдай жаралган учурда банктын жоюучусу же убактылуу администратору болуп дайындала алат. 

Документтер 2019-жылдын 31-майында саат 17:00дөн кечиктирилбестен тапшырылууга тийиш.  

Белгиленген убакыттан кийин тапшырылган документтер кабыл алынбайт жана каралбайт. 

Жалпы квалификациялык талаптар, функционалдык милдеттер боюнча толук маалымат, сынакка катышуу үчүн талап кылынган документтердин тизмеси Улуттук банктын расмий интернет-сайтында www.nbkr.kg, «Сынактар» бөлүгүндө жайгаштырылган. 

Бардык суроолор боюнча 66-92-65 телефону аркылуу комиссиянын катчысына кайрылсаңыздар болот.