Экономикалык ченемдердин жана милдеттүү камдык талаптардын (буларды бузуу тике банктык көзөмөлдү киргизүүгө негиз болгон) Банк тарабынан аткарылышын камсыз кылган капиталдаштырууну ишке ашыруунун алкагында, Банктын финансылык абалын чыңдоо боюнча жүргүзүлгөн иш-чараларды эске алуу менен Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы «Росинбанк» ачык акционердик коомунда тике банктык көзөмөлдү токтотуу чечимин кабыл алды. 

«Росинбанк» ачык акционердик коомуна киргизилген тике банктык көзөмөл 2019-жылдын 13-майында аяктады.