Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы, Улуттук банктын жазма буйруктарын аткарбагандыгы үчүн «Тез төлөмдөрдүн бириккен системасы» жоопкерчилиги чектелген коомунун 2015-жылдын 12-майындагы № 2002120515 жана № 3001120515 лицензияларынын аракети 2019-жылдын 17-майынан тартып убактылуу токтотулгандыгын маалымдайт. Лицензиялардын аракетинин убактылуу токтотулгандыгы «Тез төлөмдөрдүн бириккен системасы» жоопкерчилиги чектелген коомун өз милдеттенмелерин аткаруудан бошотпойт. 

Улуттук банк, Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында каралган ыйгарым укуктарынын алкагында, Кыргыз Республикасынын төлөм системасынын абалына таасирин тийгизиши мүмкүн болгон тобокелдиктерди азайтуу жана финансы кызматтарын керектөөчүлөрдүн укуктарын коргоо боюнча зарыл чараларды көрөт».