Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын төрагасы Евразия экономикалык бирлигине мүчө мамлекеттердин (ЕАЭБ) борбордук (улуттук) банктарынын валюта саясаты боюнча Консультациялык кеңешинин отурумуна катышты 

 

Улуттук банктын төрагасы Т.С. Абдыгулов жетектеген делегация Россия Федерациясынын Москва шаарында 2019-жылдын 22-майында болуп өткөн Евразия экономикалык бирлигине мүчө мамлекеттердин (ЕАЭБ) борбордук (улуттук) банктарынын валюта саясаты боюнча Консультациялык кеңешинин 19-отурумуна катышты. 

Ошондой эле аталган отурумга ЕАЭБге мүчө мамлекеттердин борбордук (улуттук) банктарынын төрагалары катышты. Отурумдун жүрүшүндө ЕАЭБ жалпы финансы рыногунун концепциясы талкууга алынып, Финансы рыногунда маалымат коопсуздугун камсыз кылуу жана кредит-финансы чөйрөсүндө компьютердик чабуулдарга каршы аракеттенүү маселеси боюнча жумушчу топ түзүү жөнүндө макулдашууга кол коюлду. 

Мындан тышкары, Улуттук банктын төрагасы Т.С. Абдыгулов Россия Федерациясынын Борбордук банкынын төрагасы Э.С. Набиуллина менен жолугушту, бул жолугушуунун алкагында тараптар ортосунда эки тараптуу кызматташуу маселелери талкууланды.