2019-жылдын 28-майында Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын төрагасы Т.С. Абдыгулов Дүйнөлүк банктын Кыргыз Республикасындагы туруктуу өкүлү Болормаа Амгаабазар айым менен жолугушту. Жолугушуу учурунда Кыргыз Республикасынын финансы секторун өнүктүрүү боюнча учурдагы долбоорго тиешелүү маселелер талкууланды. Кыргыз Республикасынын банк системасын жөнгө салуу жана көзөмөлдөө боюнча Улуттук банктын потенциалын чыңдоо аркылуу финансы секторунун туруктуулугун жогорулатуу аталган долбоордун негизги максатынан болуп саналат. Ошондой эле жолугушуу учурунда Кыргыз Республикасынын банк чөйрөсүндөгү жагдайларга тиешелүү маселелер талкууланды.