Бишкекте эл аралык финансылык форумдун ачылышы 

 

2019-жылдын 30-майында Бишкек шаарында «Кыргызстан банктарынын союзу» юридикалык жактар бирикмеси менен Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы уюштурган Эл аралык финансылык форумдун ачылышы болду.  

Форумга банктардын, микрофинансы жана финансы-кредит институттарынын, төлөм уюмдарынын, камсыздандыруу жана финансылык компаниялардын жергиликтүү жана чет өлкө өкүлдөрү, IT-технологияларын жана банктык жабдууларды сунуштоочулар, мобилдик байланыш операторлору, көз карандысыз эксперттер, аналитиктер жана иш-чарага кызыкдар болгон компаниялар катышты. 

Форумдун ачылышында чыгып сүйлөгөн өз сөзүндө Улуттук банктын төрагасы Т.Абдыгулов санарип технологиялары боюнча мүмкүнчүлүктөр керектөөчүлөр үчүн, анын ичинде өлкөнүн региондорунда финансылык кызмат көрсөтүүлөрдүн жеткиликтүү болушун камсыз кылууга өбөлгө түзөрүн белгилеп кетүү менен: «Жаңы санарип технологияларын андан ары жайылтуу жана өнүктүрүү үчүн шарттарды түзүп, финансы секторунун инфраструктурасын жакшыртуу, ошондой эле аларды жөнгө салууга байланышкан маселелерди оптималдаштыруу менен банк жана төлөм системаларынын ишине дайыма колдоо көрсөтүү биз үчүн маанилүү», - деп кошумчалап өттү.  

Форум андан ары региондордо финансылык кызмат көрсөтүүлөрдү санариптештирүү, «жашыл» экономиканын алгылыктуу багыттарын, региондорду өнүктүрүү үчүн санарип технологияларын туруктуу каржылоо сыяктуу актуалдуу маселелерди талкуулоо багытында уланды.