Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы «Улуттук банк Башкармасынын 2016-жылдын 30-мартындагы № 15/6 «Кыргыз Республикасында электрондук акча жөнүндө» жобону бекитүү тууралуу» токтомуна өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү долбоорун (мындан ары долбоор) коомдук талкууга сунуштайт.  

Долбоор Улуттук банктын расмий интернет-сайтында «Улуттук банктын ченемдик актылары»/«Талкууга сунушталган долбоорлор» бөлүгүндө жайгаштырылган. 

Коммерциялык банктар, төлөм системасынын операторлору, төлөм уюмдары ошондой эле кызыкдар болгон башка жактар долбоор боюнча сунуш-пикирлерин 2019-жылдын 10-июлунан кечиктирбестен sibragimova@nbkr.kg электрондук почта дарегине (Word форматында) жөнөтүүсү зарыл.