Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы «Төлөм уюмдарынын жана төлөм системаларынын операторлорунун ишин лицензиялоо жөнүндө» жобону бекитүү тууралуу» токтом долбоорун (мындан ары долбоор) коомдук талкууга сунуштайт. 

Долбоор Улуттук банктын расмий интернет-сайтында «Улуттук банктын ченемдик актылары»/«Талкууга сунушталган долбоорлор» бөлүгүндө жайгаштырылган. 

Төлөм системаларынын операторлору жана төлөм уюмдары, ошондой эле кызыкдар болгон башка жактар долбоор боюнча сунуш-пикирлерин 2019-жылдын 10-июлунан кечиктирбестен аbakesarieva@nbkr.kg электрондук почта дарегине (Word форматында) жөнөтүүсү зарыл.