Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы «Төлөм системасынын операторлоруна/төлөм уюмдарына карата колдонулуучу таасир этүү чаралары жөнүндө» жобонун жаңы редакциясынын долбоорун (мындан ары – долбоор) коомдук талкууга сунуштайт.
Долбоор Улуттук банктын расмий интернет-сайтында «Улуттук банктын ченемдик актылары»/«Талкууга сунушталган долбоорлор» бөлүгүндө жайгаштырылган.
Коммерциялык банктар, төлөм системасынын операторлору, төлөм уюмдары ошондой эле кызыкдар болгон башка жактар долбоор боюнча сунуш-пикирлерин 2019-жылдын 14-июлунан кечиктирбестен amadybaev@nbkr.kg электрондук почта дарегине (Word форматында) жөнөтүүсү зарыл.