Дуалдык кесипкөй окутуунун бүтүрүүчүлөрүнө сертификат тапшыруу  

 

2019-жылдын 17-июнунда Германия Эл аралык кызматташуу боюнча сактык кассалар фонду менен Улуттук банктын өнөктөштүк долбоорунун алкагында уюштурулган банк чөйрөсүндөгү жаш адистерди дуалдык кесипкөй окутуу программасынын жетинчи жолку бүтүрүүчүлөрүнө сертификат тапшыруу аземи болуп өттү

 Окутуу программасы «Экономикалык алкактык шарттар», «Эсептешүү эсеби жана төлөм жүгүртүүсү», «Бухгалтерия негиздери», «Ченемдик укуктук база», «Кредиттик операциялар», «Аманаттар боюнча операциялар», «Кардарлар менен байланыш» сыяктуу багыттарды камтыйт. 

Сертификат тапшыруу аземине Улуттук банктын төрагасынын орун басары Мээрим Момункулова, Германия Эл аралык кызматташуу боюнча сактык кассалар фондунун регионалдык директору Аня Хойер айым, Германия Федеративдүү Республикасынын Элчилигинин экономикалык кызматташуу жана өнүктүрүү бөлүмүнүн башчысы Касьен Онезорге катышты. 

 

Маалымат үчүн: 

«Банк иши. Банк кызматкерлерин дуалдык кесипкөй окутуу» долбоору теориялык билимдерди иш жүзүндө бышыктоо боюнча аралыктан окутуу болуп саналат. Долбоордо иш тажрыйбасы 2 жылдан ашпаган 26 жашка чейинки коммерциялык банктардын жаш адистерин жана өкүлдөрүн окутуу каралган жана мында гендердик тең укуктуулук (50%) да эске алынган. Бүгүнкү күндө 400дөн ашык банк адистери даярдыктан өттү.