Борбордук (улуттук) банктардын аудитордук иш боюнча  

Консультативдик кеңешинин алтынчы отуруму 

 

2018-жылы Тажикстанда болуп өткөн Евразия экономикалык бирликке мүчө мамлекеттердин жана Тажикстандын борбордук (улуттук) банктарынын аудитордук иш боюнча Консультативдик кеңешинин (мындан ары Консультативдик кеңеш) бешинчи отурумунун чечимине ылайык, өтүп жаткан жылдын 25-27-июнь күндөрү Кыргыз Республикасынын Ысык-Көл областындагы Чолпон-Ата шаарында Консультативдик кеңештин алтынчы отуруму болуп өттү

Консультативдик кеңештин алкагында Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын төрагасы Т.С.Абдыгулов Консультативдик кеңештин ички аудит кызматтарынын жана Азия өнүктүрүү банкынын жетекчилери менен жолугушту. Жолугушууда ички аудит кызматтарынын ишин андан ары өнүктүрүү жагында кызматташуу маселелери талкууланды. 

Консультативдик кеңешке Дойче Бундесбанктын жана Грузия Улуттук банкынын өкүлдөрү катышты. 

Консультативдик кеңештин алтынчы отурумунун катышуучулары ээ болгон тажрыйбалары менен ой бөлүшүп, банктарга көзөмөл жүргүзүү, персоналды, туунду уюмдарды башкаруу, ички аудит жүргүзүүдө аралыктан аудит жүргүзүү, акча-кредит саясатын иштеп чыгуу жана аны жүзөгө ашыруу, ишти пландаштырууну контролдоо чөйрөсүнө ички аудитордук текшерүүлөрдү жүргүзүү маселелерин талкуулашты.  

Консультативдик кеңештин алтынчы отурумунун жыйынтыгы боюнча протоколго кол коюлуп, жогоруда белгиленген маселелер боюнча ички аудитордук текшерүүлөрдү жүргүзүүнү өркүндөтүү жагында иштерди улантуу, ошондой эле Консультативдик кеңештин отчеттук мезгил ичиндеги иши жөнүндө отчетту Евразия борбордук (улуттук) банктарынын кеңешине бекитүүгө сунуштоо чечими кабыл алынды.