Кыргыз Республикасынын президентинин «2019-жылды Региондорду өнүктүрүү жана өлкөнү санариптештирүү жылы деп жарыялоо жөнүндө» жарлыгынын алкагында, 2019-жылдын 8-июль күнү Ош областынын Чоң-Алай районуна караштуу Дароот-Коргон айылында Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы менен Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн өкүлдөрү биргелешип уюштурган «Финансылык кызматтардан пайдалануу мүмкүнчүлүгү» деп аталган тегерек стол маеги өткөрүлдү

Аталган иш-чарага Улуттук банктын, айыл аймактарынын, Россия-Кыргыз Өнүктүрүү фондунун, «Гарантиялык фонд» ААКтын, «Банктар аралык процессинг борбору» ЖАКтын, өлкөнүн коммерциялык банктарынын жана жергиликтүү бизнес-коомчулуктун өкүлдөрү жана райондун акими катышты. 

Бул иш-чара финансы институттары менен райондун бизнес-коомчулуктарынын ортосунда натыйжалуу карым-катышты түзүү максатында жергиликтүү бийлик органдарынын катышуусу менен уюштурулган. Тегерек стол маегинин жүрүшүндө жөншө салуучу жана бүтүндөй банк сектору тарабынан калкты жана ишкер субъекттерди сапаттуу, жеткиликтүү банктык жана финансылык кызмат көрсөтүүлөр менен камсыз кылуу жагында көрүлүп жаткан чаралар жана иш-аракеттер тууралуу Улуттук банктын жана коммерциялык банктардын өкүлдөрү маалымат беришти.