Көзөмөл жүргүзүүдө тобокелдиктерди аныктоого багытталган ыкманы, ошондой эле банктык топтордун ишин жөнгө салуу жана көзөмөлдөө боюнча эл аралык тажрыйбаны эске алуу менен ченемдик укуктук актыларды өркүндөтүү максатында, Улуттук банк Башкармасынын 2019-жылдын 28-июнундагы № 2019-П-12/34-4-(НПА) токтому менен «Консолидацияланган көзөмөл жөнүндө» жана «Мезгил-мезгили менен берилүүчү регулятивдик консолидацияланган отчет жөнүндө» жоболор бекитилди. Көрсөтүлгөн укуктук ченемдик актылар банктык топторго көзөмөл жүргүзүүнү жакшыртууга жана банктык топтордун ишине алардын түзүмүнө ылайык баа берүүгө жана орун алышы ыктымал болгон тобокелдиктерди тескөөгө багытталган.  

Токтом Улуттук банктын расмий интернет-сайтында: «www.nbkr.kg/Банк тууралуу/Банк иши тууралуу мыйзамдар/Улуттук банк Башкармасынын токтомдору» бөлүгүндө жайгаштырылган.  

Ченемдик укуктук актылар Улуттук банктын расмий интернет-сайтында: «www.nbkr.kg/Улуттук банктын ченемдик актылары/Банктык жөнгө салуу» бөлүгүндө жайгаштырылган.