Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы «Коммерциялык банктардын ислам банк иши жана каржылоо принциптерине ылайык баалуу металлдар менен операциялары жөнүндө» жобо долбоорун коомдук талкууга чыгарат. 

Долбоор Улуттук банктын расмий интернет-сайтында «Улуттук банктын ченемдик актылары» / «Талкууга сунушталган долбоорлор» бөлүгүндө жайгаштырылган.  

Коммерциялык банктар долбоор боюнча сын-пикирлерин жана сунуштарын 2019-жылдын 11-августунан кечиктирбестен abazarbaeva@nbkr.kg электрондук дарегине (Word форматында) жөнөтүүсү зарыл.