Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын төрагасы Толкунбек Абдыгулов 2019-жылдын 19-июлунда «Жаштык: жаңы демилгелер аймагы» деп аталган жаштардын эл аралык форум-лагеринде сөз сүйлөп, анда жаштардын финансылык сабаттуулугу темасы боюнча баяндама жасады.  

Өз сөзүндө Улуттук банктын төрагасы, Кыргыз Республикасынын калкынын финансылык сабаттуулугун 2016-2020-жылдары жогорулатуу программасын ишке ашыруунун, ошондой эле жаштардын экономикалык мүмкүнчүлүгүн жогорулатуунун алкагында, жаш муун менен жеткинчектер арасында Улуттук банк тарабынан жүргүзүлүп жаткан иш-чаралар тууралуу маалымат берди. Төрага берилген суроолорго жооп берип, активдүү катышкандарды атайын белектер менен сыйлады.  

 

Маалымат үчүн: «Жаштык: жаңы демилгелер аймагы» деп аталган жаштардын эл аралык форум-лагери  жаштардын экономикалык мүмкүнчүлүгүн жогорулатууга багытталган аянтча. Форум өлкөнүн бардык аймактарынан, ошондой эле чет мамлекеттерден келген, 600гө жакын жаштарды чогултат. Алар өлкөнү өнүктүрүү боюнча болгон ой-толгоолору менен бөлүшүп, келечектеги иш багыттары тууралуу кызуу талкуунун үстүндө иштешет. Аны менен катар, катышуучулар болочокто өсүп-өнүгүү боюнча зарыл көндүмдөрдү өздөштүрүп, жаңыдан чыгып келе жаткан жаштардын чөйрөсүн жаштар уюмунун, жаштар кыймылынын жана студенттик уюмдардын өкүлдөрү менен тааныштыруу мүмкүнчүлүгүнө ээ болушту. Форум, «Жаштарды өнүктүрүү институту» коомдук фонду тарабынан Чүй областынын Moсква районунда жайгашкан Ак-Суу капчыгайында лагер форматында уюштурулган.