«Региондордо стартап-долбоорлорун каржылоо жана чакан бизнести каржылоо механизми Улуттук банк, Россия-Кыргыз Өнүктүрүү фонду жана «Гарантиялык фонд» ААК тарабынан ишке ашырылат  

 

2019-жылдын 24-июлунда Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын төрагасы Т.С. Абдыгуловдун, Россия-Кыргыз Өнүктүрүү фондунун төрагасы Э.Асрандиевдин жана «Гарантиялык фонд» ААКтын төрагасы М.Абакировдун жолугушуусу болуп өттү. Анын алкагында тараптар Баткен, Талас жана Нарын областтарында стартап-долбоорлорду каржылоо механизмдерин жана бул долбоордо гарантиялык фонддун катышуусун талкуулашты. 

Кыргыз Республикасынын Президентинин тапшырмасын аткаруунун жана Кыргыз Республикасынын Президентинин 2019-жылдын 11-январындагы №1 «2019-жылды Региондорду өнүктүрүү жана өлкөнү санариптештирүү жылы деп жарыялоо жөнүндө» жарлыгын ишке ашыруунун алкагында Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы тарабынан Россия-Кыргыз Өнүктүрүү фонду менен биргеликте Баткен, Талас жана Нарын областтарында стартап-долбоорлорду каржылоо механизми иштелип чыкты. 

Программа жергиликтүү калк тарабынан өндүрүлгөн айыл чарба продукцияларын кайра иштеп чыгуу боюнча стартап-долбоорлорду каржылоого багытталган. 

Россия-Кыргыз Өнүктүрүү фонду стартап-долбоорлорун каржылоого 1 млн АКШ долларын бөлүп берүүнү пландаштырууда. Ал үч областка бирдей бөлүштүрүлөт же болбосо ар бир областка болжол менен 350 миң АКШ доллардан бөлүнөт. Түздөн-түз каржылоонун минималдуу чеги кеминде 200 миң АКШ долларын түзөт, ошондуктан сынакка 200 миңден 350 миң АКШ долларына чейинки долбоорлор катыша алышат. 

Жогоруда баяндалганга кошумча Эркин Асрандиев Бишкек шаарын кошпогондо, өлкөнүн бардык аймактарында чакан бизнес үчүн стартап-долбоорлорду каржылоо программасынын иштей баштаганын билдирди, ал өнөктөш банктар жана «Гарантиялык фонд» ААК тарабынан биргеликте ишке ашырылат. Жаңы бизнес долбоорлорун (идеяларды) ишке ашыруу үчүн 5 жылга чейинки мөөнөткө жылдык 10 пайыздык чекте (болжолдуу) берилүүчү каржылоо суммасы 300 миңден 1 млн сомго чейинкини түзөт. 

Россия-Кыргыз Өнүктүрүү фондунун Башкармасынын төрагасынын маалыматы боюнча бул долбоор анын катышуучулары үчүн окутуучу тренингдер менен коштолот. 

Болжолдуу маалымат боюнча көрсөтүлгөн долбоорлор үстүбүздөгү жылдын август айында иш жүзүндө жүзөгө ашырыла баштайт. 

Көрсөтүлгөн программаны ишке ашыруу механизминин алкагында каржылоо үчүн стартап-долбоорлору тандалып алынган ишкерлерге «Гарантиялык фонд» ААК кепилдик берет.».