«Гарантиялык фонд» ачык акционердик коомун капиталдаштыруу жөнүндө 

 

Чакан жана орто ишкерлер субъектилердин банк кредиттерин алуу мүмкүнчүлүгүн жогорулатуу, региондордо бизнести өнүктүрүү жана инвестицияларды тартуу үчүн ыңгайлуу шарттарды түзүү жана региондордогу долбоорлорду кредиттөөнү активдештирүү максатында, Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасы 2019-жылдын 12-июлунда Улуттук банктын «Гарантиялык фонд» ачык акционердик коомунун капиталына катышуусу жөнүндө чечим кабыл алды. 

Бул чечимге ылайык Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы «Гарантиялык фонд» ачык акционердик коомунун 550,0 млн. сом өлчөмүндө 4-эмиссиядагы кошумча акцияларына ээ болду. Бул акцияларга ээ болуунун жыйынтыгында Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын “Гарантиялык фонд” ачык акционердик коомундагы үлүшү 48,6 пайызды түзгөн. 

4-эмиссиядагы акцияларды жайгаштыруунун жыйынтыгында “Гарантиялык фонд” ачык акционердик коомунун уставдык капиталы 1 132,0 млн. сомду түздү.  

 

Кошумча маалымат:  

«Гарантиялык фонд» ААК Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2016-жылдын 23-июнундагы №288-р буйругунун негизинде түзүлгөн. 

Күрөөлүк камсыздоо жетишсиз болгон шартта чакан жана орто ишкерлер субъектилеринин долбоорлорун толук көлөмдө каржылоо үчүн Кыргыз Республикасынын бардык аймагында кредит ресурстарынан пайдалануу мүмкүнчүлүгүн арттыруу жолу менен чакан жана орто ишкерлер субъектилеринин финансы ресурстарынан жеткиликтүү пайдалануусун камсыз кылуу «Гарантиялык фонд» ААКтын ишинин максаты болуп саналат.