«Чанг Ан» Инвестициялык Банкы» ААКтын мамлекеттик кайра каттоодон өтүүсүнө макулдук кат берилди 

 

2019-жылдын 26-июлунда «Чанг Ан» Инвестициялык Банкы» ААКтын юстиция органдарында «Чанг Ан» микрофинансылык компаниясы» ЖАК катары мамлекеттик кайра каттоодон өтүүсүнө Улуттук банк Башкармасынын 2019-жылдын 24-июлундагы токтомунун негизинде макулдук берилди. 

Ошентип, микрофинансылык компанияга лицензия банк микрофинансылык компания катары мамлекеттик кайра каттоодон өткөндөн кийин жана Улуттук банкка лицензия берүү үчүн кайрылган шартта берилет.