Экинчи жолу өткөрүлүп жаткан «Жаш кесипкөйлөр»  

программасынын жыйынтыгы 

 

Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын демилгеси менен 2016-жылы башталып, 2018-жылдын ноябрь айында ишке киргизилген такшалуудан өткөрүү боюнча экинчи жолу өткөрүлүп жаткан «Жаш кесипкөйлөр» программасынын (мындан ары Программа) жыйынтыгы чыгарылды.  

Өлкөнүн борбордук банкынын иш процессине катышуу аркылуу жогорку окуу жайларынын бүтүрүүчүлөрүнөн болгон жаш адистерге банк чөйрөсүндөгү кесиптик көндүмдөргө ээ болууга шарттарды түзүү жана аларга мүмкүнчүлүк берүү, ошондой эле жогорку окуу жайларынын бүтүрүүчүлөрүнүн ичинен келечекте ишти алып кете турган жаш адистерди аныктоо аталган Программанын максаты болуп саналат. 

Программага катышуучулар сынактын үч баскычы боюнча тандалып алынды. Сынактын жыйынтыгы боюнча 67 катышуучунун ичинен 31 талапкер атайын программа менен Улуттук банкта такшалуудан өтүүгө кабыл алынган. Программанын шарттарына ылайык, такшалуудан өтүүнү аяктап жаткан адистер жыйынтыктоочу тесттерди тапшырып, анын жыйынтыгы боюнча тиешелүү балл топтогон талапкерлер борбордук банктын кадрлар резервине киргизилди. Тестке катышкан 27 катышуучунун ичинен 17 талапкерге Улуттук банкта иштөө сунушталды.  

Улуттук банк, өлкөнүн борбордук банкынын иш милдеттерин кесипкөй жана натыйжалуу аткарууга жөндөмдүү жаш кадрларды тандоонун, даярдоонун жана алардын потенциалын өстүрүүнүн негизинде банк чөйрөсүндө жүргүзүлүп жаткан иштердин андан ары үзгүлтүксүз уланышын камсыз кылуу үчүн «Жаш кесипкөйлөр» программасын келечекте илгерилетүү максатын көздөйт.