Өлкөнүн алыскы региондорунун тургундарынын банктык кызмат көрсөтүүлөрдөн жеткиликтүү пайдалануусун камсыз кылуу, ошондой эле лицензия берүү жол-жобосунун алкагында Улуттук банкка берилүүчү жеке маалыматтарды иштеп чыгуу менен байланышкан маселелерди жөнгө салуу максатында, Улуттук банк Башкармасы тарабынан 2019-жылдын 21-августунда Улуттук банк Башкармасынын 2017-жылдын 8-июнундагы № 2017-П-12/23-1-(НПА) «Банк ишин лицензиялоо жөнүндө» жобону бекитүү тууралуу» токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө токтом кабыл алынган. Токтом, негизинен, банктардын мобилдик кеңселеринин ишин ишке ашыруу жана жарандар өздөрү берген жеке маалыматтарды иштеп чыгууга жана үчүнчү жактарга берүүгө алардын макулдугун алуу тартибин жөнгө салуучу ченемдер белгиленген, ошондой эле байланыштуу жана аффилирленген компаниялар боюнча ченемдерди жөнгө салуу маселелери киргизилди.  

Токтом Улуттук банктын расмий интернет-сайтында: «www.nbkr.kg/Банк тууралуу/Банк иши тууралуу мыйзамдар/Улуттук банк Башкармасынын токтомдору» бөлүгүндө жайгаштырылган.  

Ченемдик укуктук актылар Улуттук банктын расмий интернет-сайтында: «www.nbkr.kg/Улуттук банктын ченемдик актылары/ Лицензиялоо» бөлүгүндө жайгаштырылган.