Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы эсептик чен өлчөмүн  

4,25 пайыз деңгээлинде калтырды  

 

 

Улуттук банк Башкармасы 2019-жылдын 26-августунда эсептик чен өлчөмүн (негизги ченди) 4,25 пайыз деңгээлинде калтыруу чечимин кабыл алды. Чечим 2019-жылдын 27августунан тартып күчүнө кирет

Кыргыз Республикасында баа динамикасынын бир калыпта өсүшү байкалган. Август айында (16-августка карата) инфляциянын жылдык мааниси 1,9 пайыз деңгээлинде түптөлгөн. Инфляциянын мындай түптөлүшүнүн негизги факторлору катары дүйнөлүк азык-түлүк рынокторунда баалардын туруктуу болуп, ички суроо-талаптын анча жогору болбошу саналган. Улуттук банк, ички жана тышкы таасирлер жок болсо, төмөн инфляциялык динамика өтүп жаткан жылдын акырына чейин сактала тургандыгын болжолдоодо. 2019-жылдын акырына карата инфляциянын 4,0 пайызга жакын болушу (2019-ж. дек./2018-ж.дек), ал эми анын орточо жылдык мааниси 1,5 пайыздан жогору эмес түптөлүшү күтүлүүдө.  

Реалдуу сектордо экономикалык жигердүүлүк сакталууда. 2019-жылдын январь-июль айларында реалдуу ИДӨ 6,9 пайызга, ал эми “Кумтөр” ишканалары боюнча маалыматты эске албаганда 3,1 пайызга өскөн. Өндүрүш көлөмүнүн жогорулашы экономиканын бардык негизги секторлорунда, эң башкысы, өнөр жайында байкалууда. Ошол эле учурда, өлкөгө акча которуулардын агылып кирүү көлөмү азайгандыгы байкалган, бул ички суроо-талаптын начарлап кетүү тобокелдигинин келип чыгышын шарттайт. 

Монетардык секторду алгылыктуу тенденциялар сакталып турган катары мүнөздөөгө болот. Жүргүзүлүп жаткан акча-кредит саясатынын түрткү берүү багыты экономиканы кредиттөөнү жогорулатууга жана акырындап акыркы керектөөчүлөр үчүн кредиттик ресурстар наркын төмөндөтүүгө өбөлгө түзөт. Коммерциялык банктардын ресурстук базасы кеңейүүдө. Банктар аралык кредиттик ресурстар рыногунда катышуучулардын жигердүүлүгү жогорулагандыгы байкалган. Акча рыногунда кыска мөөнөттүү чендер негизги ченге жакындатылып, Улуттук банк тарабынан белгиленген пайыздык чек диапазонунда сакталууда. Улуттук банк үстөк ликвиддүүлүктөн арылтуу операцияларын жүргүзүүнү улантууда, мында банк тутумунда анын деңгээли бир аз төмөндөгөндүгү байкалган. Ички валюта рыногунда жагдай туруктуу.  

Тышкы чөйрөнүн жана ички шарттардын өнүгүүсүнө баа берүүлөрдү эске алганда, Кыргыз Республикасынын экономикасында инфляция орто мөөнөттүү келечекте акча-кредит саясатынын максаттуу көрсөткүчүнүн алкагында, 5-7 пайыз чегинде сакталат жана өтүп жаткан жылы туруктуу тышкы инфляциянын алкагында төмөнкү маанилер чегинде орун алат. Мындан тышкары, Улуттук банк инфляцияга ички таасир этүү факторлоруна да баа берүүнү улантууда, мында кургакчыл болгон жай мезгилиндеги жаратылыш-климат шарттарынан улам түптөлгөн жагдайдын таасирине баа берүүгө өзгөчө көңүл бурулган. Экономикалык жагдайга жараша Улуттук банк акча-кредит саясатынын тиешелүү чараларын кабыл алат. Ички жана тышкы чөйрөдө тобокелдиктер келип чыккан учурда, Улуттук банк акча-кредит саясатынын учурдагы багытын корректировкалоо мүмкүнчүлүгү менен кайра карап чыгышы мүмкүн. 

 

 

Маалымат үчүн: 

Эсептик чен өлчөмү жөнүндө маселени кароо боюнча Улуттук банк Башкармасынын кийинки отуруму 2019-жылдын 30-сентябрында өткөрүлөт

 

1-график. Кыргыз Республикасында жалпы инфляция 

(%, өткөн жылдын тиешелүү айына карата ай ичинде) 

2-график. Кыргыз Республикасынын аймактары боюнча инфляция 

(%, өткөн жылдын тиешелүү айына карата ай ичинде) 

3-график. Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын эсептик чени 

(пайыздарда)