Улуттук банк Кыргыз Республикасынын калкынын финансылык сабаттуулугун жогорулатуу боюнча 2016-2020-жылдарга каралган  программаны жүзөгө ашыруунун алкагында тренингдерди  өткөрдү  

Улуттук банк Германиянын эл аралык кызматташуу боюнча Сактык кассалар фонду менен биргеликте Каракол шаарында 2019-жылдын 26-27-августтарында орто мектептердин мугалимдерин финансылык сабаттуулук негиздерине окутуу боюнча тренингдердин жетинчи баскычын уюштурду.  Буга чейин 2019-жылдын 19-августунан тартып 21-августуна чейин ушул багытта тренингдер Нарын шаарынын мугалимдери үчүн уюштурулган. Тренингдер, жогоруда аталган Фонд тарабынан буга чейин уюштурулган финансылык сабаттуулук боюнча тренингден өтұшкөн мугалим-мультипликаторлор тарабынан өткөрүлгөн. 

Маалымат үчүн: 2016-жылдан 2019-жылга чейинки мезгил ичинде Бишкек, Ош, Кара-Балта, Токмок шаарларында, ошондой эле Чүй, Ош, Ысык-Көл жана Нарын областтарында финансылык сабаттуулук боюнча тренингдердин 7 сериясы өткөрүлүп, анда 600гө жакын мугалим катышкан.