Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы лицензиялардын аракетин убактылуу токтотууга негиз болгон себептер четтетилгенине байланыштуу «Тез төлөмдөрдүн бириккен системасы» жоопкерчилиги чектелген коомунун 2015-жылдын 12-майындагы № 2002120515 жана № 3001120515 лицензияларынын аракети 2019-жылдын 28-августунан тартып калыбына келтирилгенин маалымдайт.