Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы  

Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлигинин өкүлдөрү, коммерциялык банктар жана төлөм уюмдары менен жолугушуу өткөрдү 

 

2019-жылдын 29-августунда Улуттук банкта бузууларга жол бергендиги үчүн айып пул төлөөнүн тарифтери жөнүндө маселени талкуулоо боюнча жолугушуу болуп өттү. Аталган жолугушууга Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлигинин, «Кыргызстан банктарынын союзу» юридикалык жактар бирикмесинин, «KG төлөм системаларынын операторлору ассоциациясы» юридикалык жактар бирикмесинин, коммерциялык банктардын, ошондой эле төлөм уюмдарынын өкүлдөрү менен төлөм системаларынын операторлору катышты. 

Жолугушуунун алкагында бузууларга жол бергендиги үчүн айып пулду коммерциялык банктар жана төлөм уюмдары аркылуу төлөөдө кошумча комиссиясыз алуу мүмкүнчүлүктөрү кароого алынды. 

Коммерциялык банктар бузууларга жол бергендиги үчүн айып пулду нак эмес формада банкоматтар, «Элкарт Мобайл» мобилдик тиркемеси жана интернет-банкинги аркылуу төлөгөн учурда тарифтер минималдуу белгиленгендигин билдиришти.