Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасы 2019-жылдын 14-августунда № 2019-П-12\42-1-(НПА) «Террористтик иш-аракеттерди каржылоого жана кылмыш жолу менен алынган кирешелерди легалдаштырууга (изин жашырууга) каршы аракеттенүү максатында коммерциялык банктарда ички контролдукту уюштурууга карата минималдуу талаптар жөнүндө» жобону, «Кыргыз Республикасында нак чет өлкө валютасы менен алмашуу операцияларын жүргүзүү тартиби жөнүндө» жобону бекитүү жана Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын айрым ченемдик укуктук актыларына террористтик иш-аракеттерди каржылоого жана кылмыш жолу менен алынган кирешелерди легалдаштырууга (изин жашырууга) каршы аракеттенүү маселеси боюнча тиешелүү өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү тууралуу» токтомун кабыл алган. 

Токтом, Улуттук банктын тиешелүү ченемдик укуктук актыларын Кыргыз Республикасынын террористтик ишти каржылоого жана кылмыштуу кирешелерди легалдаштырууга (адалдоого) каршы аракеттенүү тармагындагы мыйзамдарга, анын ичинде төмөнкү мыйзам талаптарына ылайык келтирүү максатында кабыл алынган: 

- Кыргыз Республикасынын «Террористтик ишти каржылоого жана кылмыштуу кирешелерди легалдаштырууга (адалдоого) каршы аракеттенүү жөнүндө» мыйзамына; 

- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2018-жылдын 25-декабрындагы № 606 «Террористтик ишти каржылоого жана кылмыштуу кирешелерди легалдаштырууга (адалдоого) каршы аракеттенүү жөнүндө» Кыргыз Республикасынын мыйзамын ишке ашыруу боюнча чаралар тууралуу» токтомуна. 

Мындан тышкары, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2018-жылдын 31-июлундагы № 357 токтому менен Салык органдарында патентти кагаз түрүндө же электрондук форматта берүү тартибинин кабыл алынышына байланыштуу, аталган токтомдо жеке ишкерлердин электрондук патентти колдонуу менен банк эсебин ачуу мүмкүнчүлүгү каралган. 

Жогоруда аталган токтом менен төмөнкү ченемдик укуктук актыларынын жаңы редакциялары бекитилген: 

1. «Террористтик иш-аракеттерди каржылоого жана кылмыш жолу менен алынган кирешелерди легалдаштырууга (изин жашырууга) каршы аракеттенүү максатында коммерциялык банктарда ички контролдукту уюштурууга карата минималдуу талаптар жөнүндө» жобо. 

2. «Кыргыз Республикасында нак чет өлкө валютасы менен алмашуу операцияларын жүргүзүү тартиби жөнүндө» жобо. 

Ушул токтом менен ошондой эле Улуттук банктын 16 ченемдик укуктук актыларына тиешелүү өзгөртүүлөр жана толуктоолор киргизилген. 

Токтом Улуттук банктын расмий интернет-сайтында: «www.nbkr.kg/Банк тууралуу/Банк иши тууралуу мыйзамдар/Улуттук банк Башкармасынын токтомдору» бөлүгүндө жайгаштырылган.  

Ченемдик укуктук актылар Улуттук банктын «www.nbkr.kg дареги боюнча расмий интернет-сайтынын Улуттук банктын ченемдик актылары/ Банктык жөнгө салуу» бөлүгүндө жайгаштырылган.