Улуттук банк төлөм уюмдарынын, төлөм системаларынын операторлорунун жана коммерциялык банктардын өкүлдөрү менен жолугушуу өткөрдү 


2019-жылдын 2-сентябрында Улуттук банк «KG төлөм системасынын операторлору ассоциациясы», «Байланыш операторлорунун ассоциациясы, «Кыргызстан банктарынын союзу» юридикалык жактарынын бирикмелеринин, коммерциялык банктардын, төлөм системасынын операторлорунун жана төлөм уюмдарынын, ошондой эле Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик финансылык чалгындоо кызматынын өкүлдөрү менен «Төлөм уюмдарынын жана төлөм системаларынын операторлорунун ишин жөнгө салуу жөнүндө» жобонун долбоорун талкуулоо боюнча тегерек стол маегин өткөрдү.  

Тегерек стол маегинин алкагында төмөнкүлөргө байланыштуу маселелер талкууланды: 

- абоненттердин өздүк эсептеринен акча каражаттарын кайтаруу боюнча агенттик моделге; 

- товарлар жана кызмат көрсөтүүлөр үчүн абоненттердин өздүк эсептеринен акча каражаттарын кайтаруу боюнча мобилдик байланыш операторлору тарабынан сунушталуучу мобилдик тиркеме кызматтарынан пайдалануучуларды идентификациялоого; 

- төлөм терминалдары аркылуу кызматтардан пайдалануучуларды идентификациялоого; 

- төлөмдөрдүн гарантияланышын камсыздоого ж.б. 

Тегерек стол маегинин жыйынтыгы боюнча төлөм кызматтарынан пайдалануучуларды идентификациялоо иштерин Кыргыз Республикасынын террористтик ишти каржылоого жана кылмыштуу кирешелерди легалдаштырууга (адалдоого) каршы аракеттенүү жөнүндө мыйзамдарынын алкагында баскыч-баскыч менен жүргүзүү, ошондой эле төлөм кызматтарын аралыктан тейлөө аркылуу андан ары өнүктүрүү үчүн төлөм системасындагы тобокелдиктерди төмөндөтүү зарылдыгы белгиленди.