Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасы 2019-жылдын 21-августунда төмөнкү токтомдорду кабыл алды: 

- «Террористтик ишти каржылоого жана кылмыштуу кирешелерди легалдаштырууга (адалдоого) каршы аракеттенүү максатында Кыргыз Республикасынын микрофинансылык уюмдарында, кредиттик союздарында жана адистештирилген финансы мекемелеринде ички контролду уюштурууга карата минималдуу талаптар жөнүндө» жобону бекитүү тууралуу» № 2019-П-33/43-6-(НФКУ) токтом; 

- «Террористтик ишти каржылоого жана кылмыштуу кирешелерди легалдаштырууга (адалдоого) каршы аракеттенүү максатында Кыргыз Республикасындагы алмашуу бюролорунда ички контролду уюштурууга карата минималдуу талаптар жөнүндө» жобону бекитүү тууралуу» №2019-П-33/43-7-(НФКУ) токтом

- «Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын айрым ченемдик укуктук актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө» №2019-П-33/43-8-(НФКУ) токтом.  

Аталган токтомдор, Улуттук банктын ченемдик укуктук актыларын террористтик ишти каржылоого жана кылмыштуу кирешелерди легалдаштырууга (адалдоого) каршы аракеттенүү чөйрөсүндөгү Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына, анын ичинде төмөнкү ченемдик документтерге шайкеш келтирүү максатында кабыл алынган:  

- Кыргыз Республикасынын «Террористтик ишти каржылоого жана кылмыштуу кирешелерди легалдаштырууга (адалдоого) каршы аракеттенүү жөнүндө» мыйзамына;  

- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2018-жылдын 25-декабрындагы № 606 «Террористтик ишти каржылоого жана кылмыштуу кирешелерди легалдаштырууга (адалдоого) каршы аракеттенүү жөнүндө» Кыргыз Республикасынын мыйзамын ишке ашыруу боюнча чаралар тууралуу» токтомуна.  

Токтомдор Улуттук банктын расмий интернет-сайтында: www.nbkr.kg/Банк тууралуу/Банк иши тууралуу мыйзамдар/Улуттук банк Башкармасынын токтомдору бөлүгүндө жайгаштырылган.  

Ченемдик укуктук актылар Улуттук банктын расмий интернет-сайтында: www.nbkr.kg/Банк тууралуу/ Улуттук банктын ченемдик актылары/ Банк эмес финансы мекемелер ишин жөнгө салуу бөлүгүндө жайгаштырылган.