Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы «Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы, банктар жана банк иштери жөнүндө» Кыргыз Республикасынын мыйзамынын 83-беренесине таянуу менен “Инвестициялык Банк “Чанг Ан”  ачык акционердик коому «Микрофинансылык компаниялардын ишин лицензиялоо жөнүндө» жобонун 139-6-пунктуна ылайык, айрым банк операцияларын жүргүзүү укугуна микрофинансы компаниясынын лицензиясын алгандыгына байланыштуу, улуттук жана/же чет өлкө валютасында банк операцияларын жүргүзүү укугуна 2017-жылдын 22-июнунда алган №052 лицензиясын 2019-жылдын 4-сентябрында өткөрүп бергендигин жана “Инвестициялык Банк “Чанг Ан”  ААК лицензияга ээ банктардын реестринен чыгарылгандыгын маалымдайт.