Ысык-Көл областында «Финансылык кызматтардан пайдалануу мүмкүнчүлүгү» аталышында тегерек стол маеги болуп өттү 

 

Кыргыз Республикасынын Президентинин «2019-жылды Региондорду өнүктүрүү жана өлкөнү санариптештирүү жылы деп жарыялоо жөнүндө» жарлыгынын алкагында, 2019-жылдын 20-сентябрында Каракол шаарында Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы менен Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн ыйгарым укуктуу өкүлчүлүгү биргелешип уюштурган «Финансылык кызматтардан пайдалануу мүмкүнчүлүгү» деп аталган тегерек стол маеги болуп өттү.  

Аталган иш-чарага Улуттук банктын өкүлдөрү, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Ысык-Көл областындагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн биринчи орун басары, райондордун акимдери, Россия-Кыргыз Өнүктүрүү фондунун өкүлдөрү, «Гарантиялык фонд» ААКтын, «Банктар аралык процессинг борбору» ЖАКтын, коммерциялык банктардын, микрофинансылык уюмдардын жана жергиликтүү бизнес-коомчулуктун өкүлдөрү катышты.  

Бул иш-чара жергиликтүү бийлик органдарынын катышуусунда финансы институттары менен бизнес-коомчулуктар ортосунда натыйжалуу иш алып баруу максатын көздөйт.  

Тегерек стол маегинин жүрүшүндө Улуттук банктын жана коммерциялык банктардын өкүлдөрү калктын жана ишкерлердин сапаттуу, жеткиликтүү банктык жана финансылык кызмат көрсөтүүлөрдөн пайдалануусун камсыз кылуу жагында көрүлүп жаткан жалпы банк секторундагы чаралар жана иш-аракеттер тууралуу маалымат беришти. Ал эми финансы-банк чөйрөсүнүн өкүлдөрү бизнес-коомчулуктун өкүлдөрүнө финансылык кызмат көрсөтүүлөр жана продукттар тууралуу маалыматтарды, кеп-кеңештерди берип, бардык кызыктырган суроолорго жооп беришти.  

Буга чейин ушул сыяктуу тегерек стол маектери өтүп жаткан жылдын ичинде Ош, Жалал-Абад, Баткен, Нарын жана Талас областтарында болуп өткөн.